Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү уюмдарында кызматкерлердин санынын кыскарышы боюнча эмгек келишимин токтотуунун тартиби

(КРнын ЭКнин 83-статьясынын 2-пунктуна ылайык)

КР Билим берүү жана илим министрлигинин 05.01.2018-жылдагы №3/1 «Жалпы билим берүү уюмдарындагы мугалимдерге берилген жумалык окуу жүктөмдөрүн бөлүштүрүүнүн тартиби жөнүндө» буйругуна ылайык  педагогдордун санын кыскартуу жүргүзүлүшү зарыл. Тармактык министрлик билим берүүнүн сапатын көтөрүү максатында мектеп администрациясы жаңы окуу жылына карата мугалимдерди тарификациялоо учурунда жогорудагы буйруктун №1,2 тиркемелеринде көрсөтүлгөн жумалык окуу жүктөмдөрүнүн көлөмүнүн төмөнкү чегин сөзсүз сактоону милдеттендирген.

Кызматкердин санын кыскартууга киришүүдө  иш берүүчү кыскартуу тартибин буза турган болсо, кызматкерди кайра оордуна коюу ызасын гана тартпастан, жыйынтыгы жагымсыз аяктайт, ал кандай учурлар:

  • Соттук чыгымдарга кошумча каражаттар;
  • Иш берүүчүнүн күнөөсү менен кызматкерге аргаcыз калтырган күндөрү үчүн акы төлөө;
  • Соттун чечимин аткарбагандыгы үчүн иш берүүчүнүн кызмат абалы каралат жана экинчи жолу мыйзам бузгандыгы боюнча жооп берет;

   Кыскартуунун негизги нормативдик тартиби:

  1. КР Эмгек кодексинин 34, 40, 71, 78, 83, 84, 85, 86, 87, 301, 310, 318, 340, 343, 344 - статьялары колдонулат.
  2. КРнын «Калкты жумуш менен камсыз кылуунун аракеттери жөнүндө» 27.071998-жылдагы №133 мыйзамы.

    1. Кызматкердин санын кыскартуунун эң негизги максаты жана иш чараны баштоону жүргүзүү.

Кызматкердин  санын кыскартууда иш берүүчү эң  негизи буйрук чыгарууда кыскартуу менен ошол уюмдагы жумуштун  жакшыруусуна негиз болорун жана  кандай жол менен жакшыраарын түшүндүрүп жазуусу зарыл.

Кызматкерлерди кыскартуунун негизи эмгек акылардын жогорулашына, иштин көлөмүн кыскартууга кызмат кылуусу, уюштуруучулук   эмгек шартын өзгөртүү жана талап кылынган сандагы кызматкерлердин белгилүү кесиптерди азайтуу жана башка өзгөртүү жүргүзүүнүн негизинде кызмат аткарышы керек.

Иш чаранын өтүү мөөнөтүн аныктап жана иш кагаздарын жүргүзүү, аны даярдоого жооптуу адамдын ысымы  буйрукка көрсөтүлүшү керек.

Кызматкерлердин санын кыскартуу боюнча иш чараны өткөрүү боюнча чыккан буйруктан баштап эмес, эмгек келишимин болжолдуу токтотуу жөнүндө жазуу түрүндөгү эскертүүдөн баштап киришүү керек.

  1. (Профсоюздук комитетке кабарлоо). Кызматкердин санын кыскартуу жана Эмгек Кодексинин 83-статьясынын 2-пунктуна ылайык кызматкерлер менен эмгек келишимин токтотуу боюнча чечим кабыл алуунун алдында иш берүүчү ЭКнин 84-статьясына боюнча профсоюздук уюмга  жазуу жүзүндө кат жазууга милдеттүү. Бул кат каалагандай формада жазылат.
  2. Жаңы тарификацияны  түзүү менен мугалимдердин окуу жумалык жүктөмдөрүн аныктап, кыскарууга жаткан мугалимдерди белгилүү болгондон кийин кимдер кыскарууга жатаарын белгилеп аныктоокерек.
  3. (Кыскара турган кызматкердин тизмеси). Кыскарууга жаткан кызматкерлердин тизмесин милдеттүү түрдө түзүү жана МОиН КР 05.01.2018-жылдагы №3/1 буйругуна ылайык мугалимдердин жумалык жүктөмдөрүн туура көрсөтүү зарыл.
  4. (Жумушчу комиссиянын иши жана аны түзүү). Кызматкерлердин санын кыскартуу боюнча иш чараны өткөрүү жөнүндө комиссияны түзүү туралуу буйрук чыгаруу. Комиссиянын курамына баштапкы профсоюздук уюмдун төрагасы, юристтер, кадрдык кызматтын жооптуу өкүлү жана кызматкери, кыскара турган методикалык бирикменин жетекчиси кирет. Комиссиянын төрагасы болуп, иш берүүчү өзү болушу же ал дайындаган каалаган башка кызматкер болушу мүмкүн. Комиссия кызматкерлердин санын кыскартуу боюнча иш чараны аткаруу үчүн милдеттерди бөлүштүрүсү керек. Комиссиянын жыйынында кыскарууга жаткан кандидаттардын тизмесин талкулашат, жумуш ордунда калуунун өзгөчө укугуна ээ болгон кызматкерлерди изилдешет (КР ЭК 310,318-статьялар), кыскарууга жаткан кызматкерлерди аныкташат жана ар бир кыскара турган кызматкерге кыскаруу жөнүндөгү кабарламаны тапшырышат. бир эле мезгилде комиссия бош орундарга иштөөгө  анын кол коюусу менен кабарлап, сунуш кылат(эгер бош орун жок болсо, анда кызматкерге бош орун жок экендигин кол койдуруу менен кабарланат). Комиссиянын чечими токтом менен жүргүзүлөт. Комиссиянын токтомуна бардык мүчөлөрдүн колу сөзсүз түрдө коюлат. Кызаткердин ар бирине кыскаруусу боюнча комиссиянын секретары кабарламаны даярдайт.
  5. (Кызматкерлерге кабарлоо). Эгерде КР ЭК 55-статьясынын 1-пункту ылайык аныкталбаган мөөнөттө иштеп жаткан кызматкердин бошой тургандыгы жөнүндө иш берүүчү ар бирине бошогонго чейин кеминде бир айдан кем эмес убакта кол койдуруу менен эскертет(85-статья). Кабарламаны тааныштырган күндөн тартып, бир айдын эсеби жүрөт. Алдыдагы эмгек келишимдерин токтотуу жөнүндө кабарламаны кыскарууга жаткан бардык кызматкерлерге иш берүүчү  жиберет. Кабарлама эки нускада жазылат, иш берүүчүнүн колу коюлган бир нускасы кызматкерге берилет, кызматкер тааныштым деп кол койгон экинчи нускасы иш берүүчүдө сакталат. Эгерде кызматкер кабарламаны алуудан баш тартса, үч адамдын кол коюусу менен акт түзүлөт. КР ЭК 55-статьясы 2-пункту менен мөөнөттүү эмгек келишими түзүлгөн кызматкерди иш берүүчү тарабынан эмгек келишимин токтотуу жөнүндө 3 күндөн кем эмес, ал эми кызматкердин санын кыскартууда жети күндөн кем эмес убакытта кол койдуруу менен эскертип,(ЭКнин 344-статьясы) жана бошотууда КР ЭК 81-статьясы колдонулат. Кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдашуусу менен иш берүүчү кабарламадагы көрсөтүлгөн мөөнөтү өткөнгө чейин эле анын эмгек келишимин токтотууга, кызматкердин орточо эмгек акысынын өлчөмүнөн төмөн эмес эки айлык  компенсация төлөп берүүгө, эмгек келишимин токтотуу жөнүндө эскертүү мөөнөтү бүткөнгө чейин эле укугу бар (ЭКнин 85-статья).
  6. (Профсоюздук уюмдун макулдугу). Профсоюздун мүчөсү болгон кызматкердин санын кыскартуу боюнча кызматкер менен эмгек келишимин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу алдында иш берүүчү шайлануучу орган профсоюздук уюмга буйруктун долбоорун жана буйрук чыгарууга негиз болгон башка документтердин көчүрмөлөрүн жиберет (84-85-статьялар). Профсоюздук орган буйруктун долбоорун жана документтердин көчүрмөлөрүн алган күндөн тартып жети жумушчу күндүн ичинде бул маселени профсоюздук комитеттин чогулушунда карап (профсоюздун райкому менен алмаштырбоо керек), өзүнүн макулдугун же каршы пикирин билдирет. Жети күндүн ичинде өзүнүн макулдугун бериши мүмкүн. Эске алуу керек: Иш берүүчү профсоюздук уюмдун макулдугун алган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен эмгек келишимдерин токтотууга укугу бар. Эгерде жогорудагы мөөнөтүнөн ката кетирилсе, кызматкер кайра ордуна коюлат.
  7. (Бош орунга сунуш кылуу). Иш берүүчү кыскарууга жаткан кызматкерди иш менен камсыз кылууга милдеттүү,ошол эле учурда өзүнүн адистиги боюнча квалификациялуу кызматкерге жумуш жок болсо, же ал аткаруудан баш тартса, анда ошол эле уюмдан башка жумуш сунуш кылынат.Бир айдын ичинде эскертүү берген күндөн тартып, иш берүүчү мүмкүнчүлүккө жараша бош орун болоору менен жазуу жүзүндө кызматкерге сунуш кылынат. Кызматкер жазуу жүзүндө милдеттүү түрдө өзүнө сунуш кылынган бош орун жана башка кызматка которууга макулдугун же каршылыгын билдирет. Эгер каршы пикирин билдирсе акт түзүлөт. Иш берүүчү ошол уюмдагы бардык бош орундарды сунуш кылууга милдеттүү.
  8. (Бошотууну жүргүзүү):
  • Кызматкер менен эмгек келишимин бошотуу жөнүндөгү буйрук КР ЭК 83-статьясы 2-пунктунун негизинде чыгарылат. Буйрукка профкомдун макулдугу жөнүндөгү берген протоколу кошо тиркелет.
  • Буйрукка иш берүүчү тарабынан кол коюлгандан кийин бошогон кызматкерге кол койдуруу менен тааныштырылат жана буйруктарды каттоо журналына түшүрүлөт
  • Т-2 формасы боюнча өздүк карточкасындагы жазуулардын негизиде жылыга берилген эмгек отпускасынын пайдалылбай калган күндөрүнүн эсебин тактайт.
  • Буйруктун көчүрмөсү бухгалтерияга эсептөөнү жүргүзүү үчүн берилет.
  • Т-2 формасындагы өздүк карточкасы толтурулат.
  • Кызматкердин эмгек китепчесин жазууну акыркы жумуш күнү жүргүзөт.Эмгек китепчелердин кыймылынын эсебин жүргүзгөн китепчесине кол койдуруу менен кызматкердин колуна берилет.
  • КРнын 86,157-статьяларына ылайык кызматкер менен эмгек келишимин токтоткон күнү милдеттүү түрдө пособье төлөөнүн эсептешүүсү жүргүзүлүшү керек.
  • Кызматкердин жазуу жүзүндөгү арызы боюнча иш берүүчү кызматкерге чыккан буйруктун күбөлөндүргөн көчүрмөсү берилет. Эгерде кызматкер буйрук менен таанышып кол коюудан баш тартса анда акт түзүлөт жана буйрукка ал туралуу жазылып коюлат. 

Түзгөн: Б.Кадыркулов

 

Вопрос: В сентябре т.г. администрация общеобразовательных школ  республики обязана будет строго проводить тарификацию учителей на новый 2018-2019 учебный год согласно приказу МОиН КР от 5 января 2018 года №3/1, в результате которой ряд педагогов останется без учебной нагрузки. Разъясните, пожалуйста, механизм их увольнения?

Ответ: Действительно, отраслевое министерство в целях повышения качества образования обязало администрацию школ при тарификации учителей в сентябре т.г. строго придерживаться нижнего порогового объема недельной учебной нагрузки, утвержденной его приказом №3/1 от 5.01.18 г. в приложениях №1 и №2. Причем Министерство предупреждает руководителей общеобразовательных школ применить к ним строгие меры дисциплинарного взыскания за нарушение данного приказа №3/1, предусматривающего нижный пороговый объем недельной учебной нагрузки педработников на новый учебный год.

    Что касается учителей школ, которые останутся без учебной нагрузки на 2018-2019 учебный год, то механизм их увольнения следующий:

  1. Если данный учитель был принять на работу в общеобразовательную школу на основании п 2. статьи 55 ТК КР, т.е. с ним был заключен срочный трудовой договор, то он должен быть уволен в соответствии со статьей 81 ТК КР (по истечению срока трудового договора). В этом случае педагогу выплачивается компенсация за неиспользованный отпуск.
  2. Если же педагог, в том числе и пенсионного возраста, подлежит увольнению из-за отсутствия объема учебной нагрузки, то в данном случие в соответствии со статьей 84 ТК КР он должен быть письменно предупрежден не менее чем за месяц о его сокращении. Кроме того, директор школы должен писменно обратиться в профсоюзный комитет (не путать с райкомом профсоюза) за предварительным согласием на сокращение данного учителя. только после получения согласия профкома школы директор вправе уволить педагога в связи с сокращением численности учителей
  3. на основании п.2 статьи 83 ТК КР.При увольнении педагогов, в том числе и пенсионного возраста, по данному сокращению им в соответствии со статьей 86 ТК КР выплачивается выходное пособие в размере не ниже двух среднемесячных размеров оплаты труда. Кроме того, уволенный учитель, в т.ч. и педагог пенсионер, в течение 10 рабочих дней после увольнения должен зарегистрироваться в районной (городской) службе занятости в качестве лица, ищущего работу. За первый месяц со дня увольнения данному учителю выплачивается выходное пособие, за второй и третий месяцы поиска работы за ним сохраняется заработная плата и выплачивается на основании справки, выданной по месту регистрции. Председателям райкомов, горкомов профсоюза и профсоюзных комитетов школ необходимо в сентябре т.г. контролировать проведение в школах тарификацю учителей, вести разъяснительную работу в связи с сокращением педагогов, принимать активное участие в судьбе каждого уволенного учителя, не допускать на местах нарушений действующего трудового законодательства при увольнении педагогов по инициативе работодателей.

О нарушениях необходимо информировать ЦК профсоюза для принятие соответствующих мер.