Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү тармагындагы реформаларды колдойбуз

Арстанбап аймагы салкын климаты менен өзгөчөлөнгөндүктөн жайдын аптаптуу күндөрүндө эс алуучулар арбын болот. Арстанбап-Ата турбазасында эс алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзулүп, окуу-семинарларды уюштуруп  өткөрүүгө да мүмкүнчүлүктөр бар.

Жалал-Абад обкому жана областтык жаштар кеңеши  2022-жылдын 16-19-август күндөрү Базар-Коргон районундагы “Арстанбап-Ата” турбазасында  “Билим берүү  тармагындагы  реформаларды  колдойбуз!” темасында  семинар  өткөрдү. Семинарга обкомдун төрагасы  А.Исмаилов,  жооптуу  кызматкерлери  А.Бегматов,  А.Айдаров, областтык  жаштар  кеңешинин төрагасынын  орун  басары Т.Бакиров, райшааарлардын  укук  жана эмгекти  коргоо  боюнча  инспекторлору, райшаардык  жаштар  кеңештеринин  төрагалары,  эмгек  боюнча  коомдук  инспекторлор, баштапкы  кесиптик  уюмдун  төрагалары  катышышты.

Семинарга атайын чакыруу менен  кесиптик бирликтин укук жана эмгек, эмгекти коргоо инспекторлору, жаштар кеңешинин төрагалары чакырылып, ага Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин жаштар кеңешинин төрагасы Адилет Усенов катышты. Семинардын программасы мазмундуу түзүлүп, эс алуу менен айкалыштырылып, маанилүү маалыматтарга ээ болуу мүмкүнчүлүгү берилгендигин баса белгилейбиз.

Семинарда төмөнкү маселелер талкууланды. 

1."Борбордук комитет тарабынан 2022-жылдын 5-августунда өткөрүлгөн тегерек столдун материалдарын ишке ашыруу боюнча кесиптик уюмдардын максаттары жана милдеттери жөнүндө”  обкомдун төрагасы А.Исмаиловдүн билдирүүсү.

2.“Билим берүү тармагындагы реформаларды колдойбуз!” темасындагы обкомдун инспектору А.Айдаровтун баяндамасы

3.“Жаштар – биздин келечегибиз!” – темасында обком жана областтык жаштар кеңеши тарабынан 2018-2022-жылдарда аткарылган иштер жана алдындагы милдеттер тууралуу жаштардын  насаатчысы А.Айдаровдун кеңри баяндамасы.

4.“Жаштар кеңештеринин ишмердүүлүгүн уюштурууда жумушчу дептеринин орду жана ролу” темасындагы Ноокен районунун жаштар кеңешинин иш тажрыйбасы жөнүндө Ноокен районунун жаштар кеңешинин төрагасы Т.Бакировдун кеңри баяндамасы.

Айрыкча Жалал-Абад областтык комитети тарабынан аткарылган иштер жөнүндө маалыматтардын берилиши кесиптик бирликтердин ишммердүүлүгүн жогорку деңгээлге көтөрүүдө дем болоору талашсыз.

Семинардын материалдары  боюнча төмөнкүлөр сүйлөп, ой-пикирлерин, баалуу сунуштарын, демигелүү иш-чараларын билдиришти:

1. Уметов Уланбек - Ноокен районунун жаштар кеңешинин төрагасынын орун басары, директорлорду тандоо конкурсунан жогорку балл менен өткөн катышуучусу;
2. Усенов Адлет - ЖАМУнун жаштар кенешинин  төрагасы;
3. Пиримкулов Муса - Сузак райкомунун укук жана  эмгек  боюнча инспектору;
4. Акунов Кеңеш - Жалал-Абад шаардык комитетинин укук жана  эмгек  боюнча инспектору;
5. Усенов Алберт - Базар-Коргон райкомунун жаштар кеңешинин төрагасы;
6. Нышанбай уулу Сонунбек - Ноокен районунун  №20 Матмуса атындагы орто мектебинин жаштар кеңешинин төрагасы;
7. Султанова Курманжан - Сузак райкомунун жаштар кеңешинин төрайымы.

Катышуучулардын суроолоруна ынанымдуу жооптор берилди. Ноокен райкому менен жаштар кеңеши тарабынан даярдалган “Маалымат - билимдин ачкычы” аталыштагы усулдук китепченин бет ачары болуп, китепче жаштар ишин уюштурууда жакшы көмөк берери жөнүндө катышуучулар тарабынан тилек, каалоолор айтылды. Семинарды обкомдун төрагасы А.Исмаилов жыйынтыктап, тармактагы реформаларды турмушга ашырууда кесиптик бирлик уюмунун лидерлерин активдүү катышууга чакырды.

 

 

Маалыматты даярдашкан: Жалал-Абад обкомунун инспектору А.Айдаров жана ЖАМУнун кесиптик бирлик комитети