Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү тармагындагы - Ооган согушунун ардагерлери

15-февраль Ооган ардагерлери үчүн өзгөчө күн. Бул күнү Ооганстандан советтик аскерлер чыгарылган. Жүздөгөн тагдырларды талкалаган, миңдеген жаш жигиттерибиздин өмүрүн алып кеткен ал согушту дале эске алып келебиз. Биздин бүгүнкү каармандарыбыз Өзгөн районундагы билим берүү уюмдарында эмгектенген Ооган согушунун ардагерлери болмокчу.

2021-жылдын 12-февралында Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан Өзгөн районунун билим берүү уюмдарында иштеген Ооган согушунун ардагерлери менен жолугушуу уюштурулуп, аларга материалдык колдоо көрсөтүлдү. Өзгөн райондук профсоюз комитетинин төрагасы  И.Мырзамидинов  Ооган согушунун ардагерлерин майрамы менен куттуктап, аларга чың ден-соолук, иштерине ийгиликтерди каалады. Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик  комитети тарабынан Ооган согушунун ардагерлерин колдоо, алардын ден-соолуктарын чыңдоо, көңүлдүн борборунда экендигин белгиледи жана 2020-жылы 3 Ооган согушунун ардагерлери санаторияларга жөнөтүлүп эс алдырылгандыгына токтолду. 

 

Ооган согушунун ардагерлеринин атынан Абдибаев Акматали, Нурбаев Кеңешаалы  жолдоштор  Ооган согушунда башынан өткөргөн урунттуу окуяларды  эскеришти. Ошондой эле райондук профсоюз комитетинин көрсөткөн моралдык жана материалдык колдоолору үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Өзгөн РПК.