Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Билим берүү тармагында профсоюздун ролу” темасындагы тегерек стол

13-ноябрда Каракол шаардык профсоюз комитети “Билим берүү тармагында профсоюздун ролу” темасында тегерек стол уюштурду. Тегерек столго мектеп, мектепке чейинки жана мектептен сырткаркы билим берүү мекемелеринин жетекчилери, билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана жалпы кызматкелер катышышты. Алгач Профсоюз комитетинин төрайымы Касмалиева Ж.У. тармактык  профсоюз комитетинин ишмердүүлүгү, мугалимдердин социалдык –экономикалык, укуктук кызыкчылыктарын  колдоо максатында жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берди,  маалымат слайд менен коштолду.  Кезеги келгенде  тегерек столдун катышуучулары коюлган маселе актуалдуулугу менен айырмаланганын, ушундай баарлашуулар сөзсүз бир ийгиликке алып келээрине  ишеним көрсөтүп,  аткарылып жаткан иштер жөнүндө ой-пикирлерин  айтышты.  Бир максатты көздөп, биргелешип иштөө  мугалимдердин статусун мындан ары да жогорулатууга, ишти жакшыртуу менен жаңы, сапаттуу деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө түзөт деген жыйынтыкка келишти.

Катышуучулар шаардык профсоюз комитетинен эмгек келишими жана жамааттык келишим жөнүндө кеңири окуу-семинар өтүп берүүсүн суранышты.

 

 

 

Каракол шаары. Сапаева А.С.