Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин эс алуусу уюштурулду

Жыл сайын салттуу түрдө Ноокен районунун билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин эс алуусу уюштурулуп келет. Бул жылы да 19-20-июль күндөрү Арстанбаптагы эс алуу жайында уюштурулуп, жалпы барган эс алуучулар жүздөрүндө кубаныч менен көңүлдүү, эстен чыккыс  эс алуу болгондугун айтышып, жетекчилердин ишине ийгиликтерди каалашты.

Эс алуунун экинчи күнүндө Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев менен бирге Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов келишип көңүлдүү эс алуу каалап, кабар алып кетишти. 

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн директорлор корпусунун жетекчиси Исмаилов Таалай, аксакал жетекчилерден Арзиева Райла, Калмаматова Махбуба эжекелер бизге атайын көңүл бөлүп, шарт түзүп эс алдыруу менен бирге, бизден кабар алып барган жетекчиликке чоң ыраазычылыктарды билдиришип мындай жакшы эс алуу жаны ийгиликтерге шыктандырарын белгилешти.

 

Маалыматты даярдаган: №4 А.Сатаров атындагы орто мектебинин директору Гулбарчын Оморова