Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү мекемелеринде эмгекти коргоо жана коопсуздук

Бүгүн 28-апрель Бүткүл  дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата Ноокен районундагы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн маданият үйүндө  мектеп жана бакчалардын баштапкы кесиптик уюмдарынын төрага, төрайымдары үчүн “Билим берүү мекемелеринде эмгекти коргоо жана коопсуздук” аталышындагы окуу-семинары  болуп өттү.  Семинарга Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов, билим берүү мекемелеринин профсоюздук уюмдарынын жетекчилери  катышышты.

Анда Ноокен райкомунун инспектору Т.Бакиров 28-апрель Бүткүл  дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата слайддар аркылуу маалыматтарды берди. Андан сырткары №15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектебинин  профкому А.Толтоева, №26 Т.Анаркулов атындагы орто мектебинин профкому Н.Тургунова, №3 “Мээрим” балдар бакчасынын профкому Н.Момуналиевалар эмгекти коргоо жана коопсуздук боюнча өз иш тажрыйбалары менен тааныштырышты.

Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов социалдык өнөктөштөр менен эмгекти коргоо, билим берүү кызматкерлерине жагымдуу шарттырды түзүү багытында аткарылып жаткан иштерге кеңири токтолду. Катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жоопторду алышты.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райКБКнын инспектору Т.Бакиров