Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу тарабынан баштапкы профсоюз уюмдарынын төрайымдарына интелектуалдык таймаш өттү

2019-жылдын 14-октябрь күнү билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кызыл-Кыя шаардык комитети тарабынан баштапкы профсоюз уюмдарынын төрайымдарына билим берүү жаатындагы укуктук билимдер боюнча интелектуалдык таймаш болуп өттү.

Интелектуалдык таймашты билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кызыл-Кыя  шаардык комитетинин төрайымы М.А.Буванова тарабынан өтүлүп, шаардын билим берүү мекемелеринде эмгектенген бардык баштапкы профсоюз уюмдарынын төрайымдары катышышты.

Интелектуалдык таймаштын суроолору  Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү мекемелери жөнүндө” мыйзамдарынын жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик кошунунун уставынын жана дүйнө таанымы боюнча суроолорду камтыды. Жигердүү катышуучуларды белгилеп туруу үчүн №2 Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы орто мектебинин баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы С.Ю.Жалалова тандалып алынды. Жалпы 1000 суроодон туруп, таймаш соңунда эң көп суроого жооп берип №6 “Алтын балалык” балдар бакчасынын баштапкы профсоюз уюмунун торайымы Р.Тагаева, №4 А.С.Пушкин атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик кошундун төрайымы Маматова Д., №13 И.Абдрахманов атындагы орто мектептин баштапкы кесиптик кошундун төрайымы Н.Токурова жана №3 башталгыч мектептин баштапкы кесиптик кошун төрайымы Д.Нурдиновалар областтык сынакка катышууга мүмкүнчүлүк алышты.

 

Маалыматты даярдаган:

БББнүн баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы    Ж.М.Душобаева