Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди

Жалал-Абад шаарында 2018-жылдын 3-октябрь күнү Барпы Алыкулов атындагы областык кыргыз драм театрында билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата чоң салтанат болуп өттү.

Салтанатка шаар мэри М.Тагаев, шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы А.Джолдошев, облустук билим берүү усулдук борборунун директору А.Токтосунов, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ы.Калчаев, шаардык профсоюз комитетинин төрагасы К.Акунов жана шаардагы мугалимдер катышышты.

Салтанаттын биринчи бөлүгүндө шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу “Ариет” балдар чыргармачыл борбору тарабынан даярдалган концерттик программа менен конокторго каалоо тилек сөздөрү берилди.

Салтанаттын экинчи бөлүгүндө Борбордук Комитеттин Ардак грамотасы менен “Отличник” төш белгиси жана Обкомдун, шааркомдун Ардак грамоталарын К.Акунов кесиптик майрамы менен билим берүү кызматкерлерин куттуктап тапшырды.

Ы.Калчаев менен К.Акуновдор билим берүү тармагынын ардагерлерине акчалай сыйлыктарды жана билим берүү тармагынын “Ардагери” төш белгилерин тапшырышты.

Маалыматты даярдаган: Максат Мамасыдыков.