Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлеринин «Ден-соолук - 2021» райондук сартакиадасы

2021-жылдын 7-майында Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу билим берүү уюмдарынын арасында райондук спартакиада болуп өттү. Спартакиаданын ачылышына Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Б.А.Осмонов, Алай райондук билим берүү бөлүмүнун башчысы М.О.Мусаев, Алай райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы А.К.Абдыкадыров катышып, куттуктоолорун айтуу менен мелдештин катышуучуларына ак жол каалашты. Райондук спартакиадага 10 зонадан 350гө жакын билим берүү кызматкерлери – спортсмендер кытышышты.

Жыйынтыгында ордо боюнча:

1-орунду Үч-Төбө зонасы (команданын капитаны Т.Султанов), 2-орунду Алай зонасы (команданын капитаны З.Бекмурзаев), 3-орунду Бүлөлү зонасы (команданын капитаны С.Чокоев), 4-орунду Ленин зонасы (команданын капитаны Р.Карыбеков) командалары ээлешти.

Волейбол (эркектер) боюнча:

1-орунду Бүлөлү зонасы (команданын капитаны Ариев Ш.), 2-орунду Сары-Таш, Талды-Суу, Сары-Могол зонасы (команданын капитаны Алайчиев Т.), 3-орунду Коңур-Дөбө, Кабылан-Көл, Жаңы-Алай зонасы (команданын капитаны Турганов Б.), 4-орунду Гүлчө зонасы (команданын капитаны Рыскулов А.)  ээлешти.

Волейбол (аялдар) боюнча:

1-орунду Корул зонасы (команданын капитаны Тойгонбаева Г.), 2-орунду Ленин (команданын капитаны Абдрай кызы Л.) зонасы, 3-орунду Гүлчө (команданын капитаны Эргешова А.) зонасы, 4-орунду Алай зонасы (команданын капитаны Каракожонова Б.) ээлешти.

Тогуз коргоол (эркектер) боюнча:

1-орунду Калдыбаев Д. (Ж.Орозов атындагы орто мектеби), 2-орунду Токтосунов Н. (А.Арзиев атындагы орто мектеби), 3-орунду Жусубаелиев Н. (И.Адишев атындагы орто мектеби) ээлешти.

Тогуз коргоол (аялдар) боюнча:

1-орунду Акматалиева А. (Ж.Алимов атындагы орто мектеби), 2-орунду Турганбаев А. (А.Арзиев атындагы орто мектеби), 3-орунду Абытова Ф. (И.Адишев атындагы орто мектеби) ээлешти. 

Шахмат (эркектер) боюнча:

1-орунду Жумаш уулу И. (Э.Мурзаев атындагы орто мектеби), 2-орунду Таштемиров Ж. (А.Тукеев атындагы орто мектеби), 3-орунду, Жумаев К. (С.Жаанбаев атындагы орто мектеби) ээлешти. 

Шахмат (аялдар) боюнча:

1-орунду Тагайбек кызы А. (Б.Аданбаева атындагы орто мектеби), 2-орунду Эшмаматова Н. (С.Ашимов атындагы орто мектеби), 3-орунду Алиева К. (К.Турганбаев атындагы орто мектеби) ээлешти.

Стол теннис (эркектер) боюнча:

1-орунду Бурканбай уулу А. (Т.Отунчиев атындагы мектеп-гимназиясы), 2-орунду Нышанов М. (С.Төрөшев атындагы орто мектеби), 3-орунду Рахманбердиев С. (С.Жаанбаев атындагы орто мектеби) ээлешти.

Стол теннис (аялдар) боюнча:

1-орунду Бекболот кызы Э. (А.Бекташов атындагы орто мектеби), 2-орунду Капарова Ж. (Т.Отунчиев атындагы мектеп-гимназиясы), 3-орунду Кутчуева Ж. (К.Султанов атындагы орто  мектеби) ээлешти.  

Жеңүүчүлөргө дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды жана бардык катышуучуларга түшкү тамактанууга бөлүнгөн каражаттан орозого байланыштуу 150 сомдон чай  пулу берилди.

 

 

Маалыматты даярдашкан: Алай райКБКнын төрагасы А.Абдыкадыров, Алай райКБК катчы, казыначысы И.Исмаилов