Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлеринин Чаткал райондук кесиптик бирлиги үчүн 2017-2018-окуу жылы жемиштүү аяктады.

Билим берүү кызматкерлеринин Чаткал райондук кесиптик бирлиги үчүн 2017-2018-окуу жылы жемиштүү аяктады.
Бирликтин төрагасы Ызан Кудайбердиев окуу жылы ичинде райондогу мектеп жана бала бакчалардагы райондук деңгээлдеги ар бир иш чарага катышып, өзү да кесиптик бирлик тарабынан бир топ иш чараларды каржылап берди.
Жыл соңунда, 12-июнь күнү райондогу мектеп жана бала бакчалардын кесиптик бирликтеринин төрага, төрайымдарынын катышуусунда жыйын өткөрдү.

Мындан сырткары, жыйында Чаткал районунан облустук Грамотага 1, "КР. Эл агартуунун отличниги" наамына 1 мугалим, облустук жана райондук кесиптик бирликтин Грамотасына 2 мугалим сунушталды. Райондук кесиптик бирлик тарабынан уюштурулган   жылы ичинде "Жыл мугалими", "Жылдын мыкты кесиптик бирлиги", "Жылдын мыкты мектеби", "Жылдын мыкты бала бакчасы", "Жылдын мыкты тарбиячысы", "Жылдын мыкты уюштуруучусу", "Жылдын мыкты китепканачысы", "Жылдын мыкты усулдук канасы", "Жылдын  мыкты предметтик канасы" наамдарынын ээлери курорт, же санаторийлерге эс алууга баруусу маалымдалды.
Мындан сырткары бир нече ар кандай маселелер каралды.
Жыйын соңунда катышуучулар билим берүү кызматкерлеринин райондук бирлиги тарабынан өткөн окуу жылында көптөгөн жогорку деңгээлдеги өткөрүлүп, мурдагы жылдарга караганда көп каржылык колдоолор болгондугун баса белгилешип, бирликтин төрагасы Ызан Кудайбердиевдин  ишин бир ооздон жогору баалашты.

М. Эшназаров, КР. журналист, Чаткал району