Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлеринин Август кеңешмеси

Жалал-Абад шаарында педагогикалык кызматкерлеринин август кеңешмеси болуп өттү.

Бул иш-чарага Жалал-Абад областтык билим берүүнүн усулдук борборунун жетекчиси А.Токтосунов, Жалал-Абад шаарынын социалдык иштер боюнча орун басары Г.Таштанбекова, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин депутаты М.Тургунбаев, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил комиссиясынын Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ү.Асаналиева, Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ы.Калчаев, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы М.Мамасыдыков жана шаардагы жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилери, мугалимдер катышышты.

Иш-чара алгач Жалал-Абад шаарындагы “Ариет” балдар чыгармачылык борбору тарабынан даярдалган концерттик программадан башталды.

Кеңешмеге келген коноктор өздөрүнүн калоо тилектерин айтып шаардык мэриянын жана депутаттар кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланышты. Андан соң Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ы.Калчаев 2021-2022-окуу жылында жетишкендиктерди баса белгилеп, 2022-2023-окуу жылына атайын милдеттерди койду.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы М.Мамасыдыков сөзгө чыгып “Билим берүү тармагынын өсүп өнүгүүсүндө кесиптик бирликтин колдоосу” аттуу темада баяндама жасап, кесиптик бирлик тарабынан билим берүү кызматкерлерине көрсөтүлгөн колдоолорун чагылдырган видео ролик аркылуу кеңири маалымат берди.

Кеңешменин экинчи бөлүгүндө 2021-2022-окуу жылында жарыяланган “Жылдын мыкты мектеби”, “Жылдын мыкты мектепке чейинки билим берүү уюму” кароо-сынагынын жыйынтыгы менен тааныштырылып, башчы менен төраганын 1,2,3-даражадагы дипломдору жана баалуу белектери менен сыйланышты.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад шаарКБКнын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы К.Акунов