Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлери көңүлдүү эс алышты

Билим берүү кызматкерлеринин  Баткен райондук  комитетинин колдоосу менен  мектептерде жана балдар бакчаларында эмгектенген   кызматкерлер үчүн  жайкы өргүү учурунда өлкөбүздүн кооз жайларында көңүлдүү эс алуулар уюштурулду. Тактап айтканда, “Жылдын мыкты мугалимдери”,  “Жылдын мыкты тарбиячылары”,  “Жылдын мыкты мектеп жетекчилери” “Жылдын мыкты кесиптик бирлик уюмдары” кароо-сынактарынын жеңүүчүлөрү, райБББнын эсепчилери, спартакиаданын жеңүүчүлөрү Кыргыз бермети болгон Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Көгүлтүр Ысык-Көл”, “Ак толкун”, “Телтору” санаторий, пансионаттарында болуп, көңүлдүү эс алып кайтышты.

Мындан тышкары билим берүү тармагында эмгектенген  көпчүлүк  эмгек  жамааттары Баткен,  Ош, Жалал-Абад облустарынын кооз жайларында болуп,  1-2 күндүк эс алууларды уюштурушту. Ошндой эле Билим жана илим кызматкерлеринин Борбордук комитети тарабынан бөлүнгөн 168 876 сом акча каражатына 38 билим берүү кызматкерлеринин балдары Баткен районунун аймагындагы Алмалык капчыгайында жайгашкан “Алтын-Бешик”  балдардын эс алуу борблорунда эс алышты.  

Үстүбүздөгү жылдын август айында Борбордук комитет тарабынан бөлүнгөн жолдомолор менен  12 кызматкер ”Ала-Тоо” эс алуу үйүндө, 6 кызматкер ”Ысык-Көл” эс алуу үйүндө, 6 кызматкер “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаториясында, 2 кызматкер“Ысык-Ата” санаториясында эс алышты.

Эс алууда болгон бардык билим берүү кызматкерлери Билим жана илим кызматкерлеринин Борбордук комитетине, облустук, райондук  комитеттерге терең ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Баткен райондук КБКнын төрагасы А.Зайитов