Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлер арасында спорттук иш чара өткөрүлдү

“Аймактарды өнүктүрүү жылына” карата билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Тогуз-Торо райондук комитети тарабынан райондогу билим берүү уюмдарында эмгектенген билим берүү кызматкерлери арасында 27-28-октябрь күндөрү спорттун “Волейбол”, “Стол тенниси”, “Аркан тартыш” боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү. Бул спорттук иш чарага райондогу билим берүү уюмдарынан айымдар арасынан 18 команда, мырзалардан 7 команда катышты. Жыйынтыгында жеӊүүчү командалар билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитети тарабынан диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Ошондой эле спорттук мелдешке активдүү катышкан командалар кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту. Мектеп директорлору, мугалимдер спорттук иш чараны уюштуруп, өткөрүп берген профсоюздун райондук комитетинин төрагасына тереӊ ыраазычылыктарын билдиришти.

 

 

Даярдаган: Апешов Нурсултан