Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

БГУда спорттук иш чаралар

    Бишкек Гуманитардык Университетинде жыл сайын өткөрүлүүчү 20-кылымдын атактуу спортчусу, кыргыз элинин белгилүү жеңил атлетчиси  Мамыров Тобокел Мамыровичтин жаркын элесине арналган волейбол оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү. Иш чара  2018-жылдын 20-февралында башталып, 1-мартка чейин созулду. Мелдеш окуу жайдын студенттеринин ортосунда өттү. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө үй- бүлөөсү тарабынан даярдалган баалуу белектер, профсоюздук комитет тарабынан дипломдор тапшырылды. Оюндун жүрүшүндө мыкты оюн көрсөткөн кыздар командасы куралып, Жалал-Абад шаарында өтүп жаткан республикалык студенттер арасындагы спартакиадага жөнөтүлдү.