Бүгүнкү күндүн талабына ылайык уюштурулган жаӊы профсоюздук кабинеттин ачылуу аземи
14 февраль 2015 жылы Нарын районунун Токтосун Байбураев атындагы орто мектебинде бүгүнкү күндүн талабына ылайык уюштурулган жаӊы профсоюздук кабинеттин ачылуу аземи болуп өттү. Кабинетке 18 жыл ушул мектепте профкомдун төрайымы болуп иштеген ардактуу эс алууга чыккан Какен Түмөнбаеванын ысымы ыйгарылды. Ошондой эле профсоюздар ишине активдүү катышып, мугалимдердин укуктарын коргоодо жүргүзгөн алгылыктуу иштери үчүн жылына эки мугалимге Какен Түмөнбаева атындагы акчалай сыйлык тапшырылып турулары белгиленди жана алгачкы сыйлык атайын коммиссиянын чечимине ылайык сертификаты менен мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Тамара Исмаиловага, башталгыч класстын мугалими Жумалиев Адилетке ыйгарылды. Кабинеттин ачылуу аземине райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Белеков Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кылжыров ж.б. расмий адамдар катышып кабинетке мугалимдердин укугун коргоо, алардын эс алуусуна шарт түзүү борбору болоруна зор ишеничтерин билдиришти.
Кабинет аудиовидео аппаратуралар менен жабдылып мугалимдерге тийешелүү баардык мыйзамдар, жоболор, нускалар коюлуп алардын бош убактыларында эс алуусуна жакшы шарт түзүлдү.
Билим жана илим кызматкерлеринин
профсоюзунун Нарын райондук комитетинин
төрагасы: М.Курманкожоев