Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Белград университетинен келген конок-лектор юридика багытында лекцияларын баштады

Ош мамлекеттик университетине конок-лектор Белград мамлекеттик улуттук изилдөө университетинин доценти, юридика илимдеринин кандидаты Цуканова Елена Юрьевна келди.

Елена Цуканова конок-лекор катары ОшМУнун Юридика факультетинин студенттерине, магистранттарына 12-13-14-май күндөрү юридика багытында лекцияларын окуйт. Иш сапардын алкагында Елена Цуканова ОшМУнун ректорунун кабыл алуусунда болуп, Белград мамлекеттик улуттук изилдөө университети менен ОшМУнун биргелешкен кызматташуулары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. ОшМУнун магистратура департаментинин директору Э.Камалов конок-лекторду университеттин музейи менен тааныштырып, магистратура департаменти тууралуу маалымат берди.

Белград мамлекеттик улуттук изилдөө университетинин башаты 1876-жылы башталган болсо учурда 25 миңден ашуун студент окуп, анын ичинен 1800дөн ашуун чет элдик студенттер дүйнөнүн 76 мамлекетинен келип билим алышат.

Белгилей кетсек, быйылкы окуу жылында ОшМУга Польша, Литва, Россия, Түркия мамлекеттеринен бир нече багыттар боюнча конок-лекторлор келип, лекцияларын өтүп, тажрыйбалары менен бөлүшүп кетишкен.