Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Белгилүү төкмө акын И.Айитбаев Ноокенде

2021-жылдын 16-апрель күнү Ноокен районундагы С.Ногоева атындагы №2 орто мектебинин алдында уюшулган "Ноокен тынчтык куруучулар" клубу тарабынан райондук мамлекеттик администрациясынын чоң залында “Ата-эне менен баланын ортосундагы мамиле” деген темада иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты ата-энелер менен баланын ортосундагы мамилени жакшыртуу, бекемдөө, ата-энелерди мектепке тартуу, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун алдын алуу болуп саналат.

Иш-чарага Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары З.Юлдашева, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов, Масы айыл өкмөттүн башчысы Ж.Эшенкулов, ата-энелер, мугалимдер, окуучулар жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Бул иш-чарага белгилүү төкмө акын И.Айитбаев катышып, алгач окуучулар үчүн, андан соң ата-энелер үчүн өзүнчө сабак өтүп берди.

Иш-чара эң жогорку деңгээлде өткөрүлүп, И.Айитбаев азыркы учурдун актуалдуу маселелерине кайрылып, балдарды китеп окууга, билим алууга, мекен үчүн кызмат кылууга багыттаган таасирдүү сөздөрүн айтты.

 

Маалыматты даярдаган: С.Ногоева атындагы №2 орто мектебинин уюштуруучусу М.Абдисаматова