Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов ОГПИде

Кыргыз элинин белгилүү тарыхчысы, публицист жана журналист, тарых илимдеринин кандидаты, профессор, КРин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Мурас” фондунун төрагасы Молдокасымов Кыяс Сатарович ОГПИде окутуучулар жана студенттер менен жолугушуп, кыргыз элинин тарыхын изилдөө боюнча  лекция окуду.

Иш чара жаштарды ар тараптуу калптандыруу, өз элинин тарыхы менен дагы да жакындан тааныштыруу максатында окуу жайдын тарых кафедрасы тарабынан уюштурулду. Аталган лекцияга  институттун ректору, профессор Бекмурза Зулуев баштаган жамаат, тарых илимдеринин доктору, профессор Балтагул Нурунбектов, Оштогу тарыхчы мугалимдер жана студенттер катышты.

Кыргыз тарыхын изилдөөдө зор эмгек жаратып келе жаткан  К.Молдокасымов лекцияны алгач улуу тарыхчылардын кыргыз эли тууралуу калтырган ойлорун айтуу менен, тарыхый маалымат тактоодо, изилдөөдө канчалаган өлкөлөрдүн тарых музейлерин кыдырганын, ал эмгектердин натыйжасында топтогон, али китеп бетине түшө элек маалыматтарды катышуучулар менен бөлүштү. Ошондой эле дагы ачыла элек кыргыз тарыхы кайсыл архивдерде катылып жатканы тууралуу маалыматтар бар экенин кошумчалап, өзү жетектеген “Мурас” фонду аркылуу мына ушул жаатта изилдөө иштери кызуу жүрүп жатканын баса белгиледи.

Иш чаранын соңунда студенттер өздөрү  кызыккан түрдүү суроолор менен кайрылышып, лектордон кеңири жоопторду алуу менен кошумча маанилүү маалыматтарга ээ боло алышты.

 

Материалды даярдаган:

Кубаныч Жылкычы уулу