Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Бейиш - эненин таманы астында

Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитети тарабынан 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата атайын иш чара уюштурулду. Анда Ноокен райондук билим берүү тармагында эмгектенген ардагер жана алдыңкы эжекелер чакырылып, белектер менен сыйланышты.

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Козуев, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн кадрлар бөлүмүнүн башчысы Г.Борбиева  куттукташты.

Келген эжекелер профсоюз тарабынан көнүл бурулуп, чакырылып, сыйланып жатышкандыктарына өз ыраазычылыктарын билидиришип, жетекчилерге бекем ден-соолук, иштеринде ийгиликтерди каалап кетишти.

 

Ноокен райКБКнын тескөөчүсү

Т. Бакиров