Центральный комитет профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики

Центральный комитет профсоюза

работников образования и науки Кыргызской Республики

Профсоюз в регионах

Бейиш эненин таманы астында

2018-жылдын 7-март күнү Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитети тарабынан 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата атайын иш чара уюштурулду. Анда Ноокен райондук билим берүү тармагында эмгектенген ардагер эжекелер чакырылып, баалуу белектер менен сыйланышты.

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б. С. Козуев, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин төрагасы К. К. Нышанов, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн кадрлар бөлүмүнүн башчысы Г. С. Борбиева  куттукташты.

Келген эжекелер профсоюз тарабынан көнүл бурулуп, чакырылып, сыйланып жатышкандыктарына өз ыраазычылыктарын билидиришип, жетекчилерге бекем ден-соолук, иштеринде ийгиликтер боло беришин каалап кетишти.

Ноокен райКБКнын тескөөчүсү

Т. Бакиров