Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

БӨБӨКТӨРДҮ КОРГОО – ЖАЛПЫБЫЗДЫН ИШИБИЗ

     Баткен районунда учурда  балдар бакчалары  иштеп, анда 3 509 бөбөктөр тарбияланып келүүдө. Бала бакчалардын  бири –  ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын «Үмүт-Самаркандек» бакчасы. Ал мурдагы ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реаблитациялык борборунун базасында түзүлүп, иштеп жатат. 

1- b.ym балдарды коргоо күнүнө карата куттуктоону Баткен райБББнын башчысы А.Зайитов менен райондук комитеттин төрагасы Т.Жумаев мына ушул «Үмүт-Самаркандек» балдар  бакчасынан башташты.  Куттуктоо аземине Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Орозов катышты. Аземге келгендер балдардын жана педагогикалык жамаатты балдарды коргоо күнүнө карата майрамдары менен куттукташты. Майрамдык белек катары бакчанын директору Ч.Каработоевага жана БКБУнун  төрайымы М.Сыдыковага бала бакчанын ишинде пайдалануу үчүн кир жуугуч машина жана электр чайнегин тапшырышты. Майрамдык салтанат Самаркандек айылдык клубунда жаш бөбөктөрдүн жана алардын тарбиячыларынын, ата-энелеринин катышуусу менен улантылды.  Катышкандарга кызыктуу концерттик программа тартууланды.

 

Мындай майрамдык салтанаттар райондун калган 8 айыл өкмөтүндө да улантылды. Айыл өкмөттөрүнүн башчылары, педагогдар, ата-энелер, райБББнын кызматкерлери жана мектептердин жогорку класстарынын окуучулары  жаш бөбөктөрдү майрамдары менен куттукташып, жылуу сөздөрүн айтышып, аларга жаркын келечек каалашып, ырлар ырдалып бийлер бийленди.

Баткен РПКнын жетектөөчү адиси                             Б.Абдыразакова