Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Базар-Коргондо айрым мектептерде спорттук иш-чаралар өткөрүлдү

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Базар-Коргон райондук комитети жана Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү тарабынан “2021-жыл –Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жылына карата, иш-чаралардын алкагында Базар-Коргон районунда жайгашкан мектептерде иштеген мугалимдердин арасында “Ден- соолук-2021”   спорттук мелдештери өткөрүлдү.

Иш-чара 2021-жылдын 26-март күнү Базар-Коргон шаарындагы №30 Ө.Атабекова атындагы инновациялык гимназия мектебинде жана №3 М.Бабур атындагы гимназия мектебинин спорттук залдарында өткөрүлүп, иш-чарага Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасы А.А.Исмаилов, обкомдун инспектору А.Айдаров, облустук жаштар кеңешинин төрагасы З.Сулайманов, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.С.Козуев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.К.Сариев, Базар-Коргон райондук профсоюз комитетинин төрагасы С.Жаркынбаев, калыстар тобу жана райондук билим берүүчү уюмдарынан 400 гө жакын мугалимдер катышты.

 

Мелдештин максаты:

- Спорттун түрлөрүн өнүктүрүү жана өркүндөтүү.
- Мугалим спортсмендердин ортосундагы достукту чыңдоо.
- Областык мелдешке катышу үчүн курама команданы түзүү.

 

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.С.Козуев мугалимдердин арасындагы спорттук иш-чара жакшы өтүп, мелдешке түшүп жаткан мугалимдерге алдынкы орундардын ээлери болушун айтып, мелдештин уюштуруучуларына ийгиликтерди каалады.

Обкомдун төрагасы А.А.Исмаилов спорттук мелдешке катышып жаткан мугалимдерге ийгилик, ден-соолук каалап, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун комитети мүчөлөрүнө дайым колдоо көрсөтүп, жардам берип келе жаткандыгын билдирип, спорт иш-чарасына акчалай түрүндө каражат тапшырды.

Мекеме-уюмдардын жетекчилери  да жакшы сөздөрүн айтышты.

Мелдешке 9 айыл аймагынан- 66 мектептен 400гө жакын мугалимдер катышып, спорттун 5 түрү боюнча күч сынашты. Спорттун түрлөрү воллейбол, шахмат, стол тениси, тогуз коргоол, ордо.

Мелдештин жеңүүчүлөрү төмөндөгү командалар:

1) Волейбол боюнча:

I орун Эркектер арасында- Арстанбап айыл аймагы,
I орун Кыздар арасында- Акман айыл аймагы.

2) Стол тенниси боюнча:

I орун Эркектер арасында-Бешик-Жон айыл аймагы,
I орун Кыздар  арасында - Базар-Коргон шаары.

3) Шахмат боюнча:

I орун Эркектер арасында- Арстанбап айыл аймагы,
I орун Кыздар  арасында-Базар-Коргон шаары.

4) Тогуз коргоол боюнча:

I орун Эркектер арасында- Сейдикум айыл аймагы,
I орун Кыздар арасында- Кеңеш айыл аймагы.

5) Ордо боюнча:

I орун Эркектер арасында-Акман айыл аймагы.

Спорт мелдешинде I-II-III орунду ээлеген командалар диплом, медалдар, белектер жана сыйлыктар менен сыйланышты.

 

Материалды даярдаган: райкомдун инспектору К.Асыранкулов