Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Базар-Коргон районунун мугалимдери Ысык-Көлдө экскурсияда

Ысык-Көл областынын Тоң районунда жайгашкан Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин “Красная Гвоздика” эс алуу борборуна Базар-Коргон районунун билим берүү мекемелеринен 10 мугалим жана техникалык кызматкерлер барып эс алып келишти.

Билим берүү кызматкерлери  жакшы эс алып кетүү үчүн көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан “Красная Гвоздика” ден соолукту чындоо борборунда, кесиптик бирликтин борбордук комитет тарабынан бардык шарттар түзүлгөн. Жатакана, тамак-аш, ден-соолукты чындоо үчүн жылуу сууларга алып баруу, эс алып келүү  үчүн экскурсиялар  уюшулган.

Жети-Өгүз эс алуу жайына экскурсия уюшулуп, карагай токойлору менен курчалган эс алуу жайында  мугалимдер дем алышты. Ырахат алышып, жакшы таасирлерди алып кайтышты.

Базар-Коргон районунан  келген мугалимдер жана билим берүү кызматкерлери эс алуу жакшы болгондугун айтышып, мугалимдерге жана билим берүү кызматкерлерине көрсөткөн жогорудагы камкордуктар, колдоолор үчүн  Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогуловго, Жалал-Абад  областтык комитетинин төрагасы А.А.Исмаиловго ыраазычылыктарын билдиришип, кесиптик бирликтин жетекчилеринин иштерине ийгиликтерди каалашты.

 

Маалыматты даярдаган: райКБКнын адиси К.Асыранкулов