Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Базар-Коргон районундагы Арсланбап айыл аймагында жайгашкан №34 Ю.Исламов атындагы орто мектебинде директорлордун семинары болуп өттү

     Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү райондун  мектеп  директорлорунун семинарын   өткөрдү. Семинарга районубуздагы 65 мектептин директорлору  толук катышышты.

     Семинардын күн тартиби:

1.Мектепти кезектеги ремонтко даярдоо.

2.Мектеп директорунун  көмөкчү чарбаны алып баруу иштери.

3.Эмгек китепчеси – кызматкерлердин  эмгек стажы жана эмгек ишмердүүлүгү жөнүндө негизги документ. 

Семинарга Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн   башчысынын орун басары М.Бурканов, жана жетектөөчү адис Б.Айдарова , райкомпрофсоюздун төрагасы С.Жаркымбаевтар  катышышты.

Биринчи маселе боюнча №34 Ю.Исламов атындагы орто мектептин директору М.Султанов сөз сүйлөдү. Мектептин ремонту боюнча мектеп директорлоруна кенири түшүндүрмө берди. Ремонтту сапаттуу жана санитардык гигиеналык көрсөтмөсүнө ылайык иш жүргүзүү жөнүндө кенири баяндама берди.

Экинчи маселе боюнча:  Көмөкчү чарба боючна №11 М.Алыкулов атындагы гимназия мектебинин директору  И.Эрматов өзүнүн мектебинин көмөкчү коенчулук  чарбасы  боюнча маалымат берди жана мектеп директорлоруна көмөкчү чарба түзүү боюнча сунуш кылды.

Үчүнчү маселе боюнча: Базар-Коргон райондук билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз  комитетинин төрагасы  С.Жаркымбаев.  Мектеп директорлоруна слайд аркылуу  “Эмгек китепчеси – кызматкерлердин  эмгек стажы жана эмгек ишмердүүлүгү жөнүндө негизги документ”  көрсөтүлдү. Тема боюнча  суроолорго жооп берди.