Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Базар-Коргон районунда профсоюз күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү

        Райондук  билим берүү жана илим кызматкерлерин куттуктоо максатында райондук денгээлде чоң   иш-чара болуп өттү.  Иш-чарага  65 мектеп жана 38  мектепке чейинки билим берүү мекемеси, балдар чыгармачылык уюму , райондук билим берүү бөлүмүнүн коллективи , айыл аймактын, райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилери  катышты.

         Бул иш-чара райондун бардык мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин  алдынкы мугалимдери жана тарбиячылары  чакырылып 300 адамга  сый тамак уюштурулуп  жана жакшы иштеген баштапкы профсоюз уюмдарына грамоталар берилди.

      Иш-чараны алып баруу жана уюштуруу жагы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Ж.Усенов жана  райондук билим  берүү жана илим кызматкерлеринин  профсоюзунун төрагасы  С.Жаркымбаев, райондук мамлекеттик администрациясынын акимдин орун басары З.Адишовалар тарабынан  мугалимдерди куттуктап жана грамоталар тапшырылды.

      Базар-Коргон районунун мектептерин окуучуларын мектеп формасы менен камсыз кылган демөөрчү, Кара-Көл “Нурай” тигүү ишканасынын жетекчиси Байбаев Нурмамет майрамдык иш чарага өз салымын кошту.  

 

  

 Материалды  даярдаган: Базар-Коргон  райкомунун  төрагасы С.Жаркынбаев.