Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Базар-Коргон райондук билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитети тарабынан профсоюз мүчөсүнө жардам берилди

Базар-Коргон  районундагы   Юрий Исламов атындагы №34 жалпы билим берүүчү орто мектебинин мугалими  Камилова Давлатхон Мамажановнанын жашаган  үйү  күйүп кетип, жабыркап  зыянга  учураган,  азыркы кырдаалда ыңгайсыз абалда калган. Райондук профсоюз комитети өз мүчөлөрүн ар дайым колдоп келе жатат.  Ошондуктан мугалим  Камилова Давлатхондан  кабар алып, жардам берүү максатында  2020-жылдын 2-декабрында  Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.К.Сариев,  райкомдун  төрагасы  С.  Жаркынбаев болуп,  жеринде барып таанышты. Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы  С.К.Сариев ынтымак  жана  биримдикте  кыйынчылыктардан  чыгууну  айтты.  Райкомдун  төрагасы  С.  Жаркынбаев,  профсоюз комитети  дайыма  мугалимдердин  коргоочусу  жана  колдоочусу экендигин баса  белгилеп, жабырлануучу мугалим  Камилова Давлатхон  Мамажановнага 10000 (он миң)  сом  жардамын  тапшырды. Ошондой эле мектеп жамааты, айыл тургундары колдон келишинче жардамдарын сунушуп,  ашар  уюштурулуп,  тазалоо  иштери  жүргүзүлгөн. Мугалим  Камилова Давлатхон   колдоолор  үчүн   ыраазычылыгын   билдирип,  профсоюз комитетинин  жана  жетекчилеринин  иштерине  албан ийгиликтерди  каалап, жакшы тилегин  билдирди.

        

Материалды  даярдаган: райкомдун  инспектору  К.  Асыранкулов