Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептердин ЖРТ катышкан окуучулардын ийгиликтери

Быйылкы 2018-2019- окуу жылында бүтүрүүчүлөрүбүздүн Жалпы Республикалык тестте көрсөткөн ийгиликтерин айта кетсек болот.

Бул ийгиликтерге жетишүү үчүн мугалимдердин, ата-энелердин кошкон салымы зор.Окуу жылынын башынан тартып эле ата-энелер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп,ЖРТ нын маанилүүлүгү,анын пайдасы жөнүндө жеткизилди.

Район боюнча жалпы  11- класстын бүтүүрүүчүлөрүнүн  саны  1166 анын ичинен  ЖРТга катышканы 466. Район боюнча орточо  баллы-125,93 болду.

Ж.Бөкөнбаев жатак гимназия мектебинин окуучусу  Рахманова Ажара  эн жогорку 213 балл алган, жана  Абдиев Бийназардын  баллы 206 болду.  Окуткан мугалимдери: математика мугалими Нарынбаев Курманбек, хим-биология мугалими Базаркулова Нурсийда.

Райадминистрациясы, билим берүү бөлүмү, билим жана илим кызматкерлеринин райондук профсоюз комитети биригип  үч тараптуу  макулдашуу  өзүнүн натыйжасын берди.  Райондо ЖРТте эн жакшы ийгиликтерди алып келишти.

 

Даярдаган РК профсоюздун төрагасы:

С.Жаркымбаев