Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Базар-Коргон райондук Билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептердин мугалимдерине, бала бакчалардын тарбиячыларына январдык усулдук окуу күнү болуп өттү

2019-жылдын 9-январы күнү Базар-Коргон районундагы мектептердин мугалимдерине, бала бакча тарбиячыларына, Билим берүү кызматкерлерине усулдук  окуу күнү Навои атындагы №4 орто мектебинде болуп өттү.

Базар-Коргон райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Ж.Усенов, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин райондук профсоюз комитетинин төрагасы С.Жаркымбаев  жана  Билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери ар бир сабак боюнча окуу кааналарына кирип, жаңылыктарды мугалимдер менен бөлүшүп, иштеринде ийгилик болгон мугалимдерге Билим берүү бөлүмүнүн диплом, мактоо баракчалары менен сыйлап, иш-тажрыйба жайылтуусуна өбөлгө түзүштү.

Билим сапатын өстүрүү үчүн уюштурулган усулдук күнүндө көптөгөн мугалимдердин сунуштары ортого салынып, макулдашылып жана жогорку сапаттагы сабактар, көргөзмөлүү тажрыйбалар жайылтылды.

 

Даярдаган РПК төрагасы С.Жаркымбаев