Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Баткенге жардам" демилгесин Кара-Суу районунун билим берүү кызматкерлери да колдошту

 

2021-жылдын 30-апрелинде Кара-Суу районундагы билим берүү кызматкерлери тарабынан чек ара жаңжалынан жабыр тарткан Баткен областынын тургундарына жардам көрсөтүү боюнча демилге көтөрүлдү. Ал бардык мектеп жамааттары тарабынан колдоого алынды. Билим берүү кызматкерлери тарабынан кыска аралыктын ичинде 1 109 340 сом акча каражаты топтолду. Анын 869 340 сомуна гуманитардык жардам (азык-түлүк, көрпө төшөк, кийим-кече, күндөлүк керектөөчү каражаттар, балдар үчүн шириндиктер, памперстер),  240 000 сому Баткен районундагы үйлөрө өрттөнүп кеткен 6 билим берүү кызматкерлерине ар бирине 40 000 сомдон акчалай жардам берилди.

Ушул жардам билим берүү бөлүмнүн башчысы Г.Машрапова, райондук кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Н.Исраилова жана мектеп директорлорунан түзүлгөн комиссия Баткен
районунун Рабат айылына барып, тапшырышты.

 

Маалыматты даярдаган: Кара-Суу райондук кесиптик бирлик комитети