Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткенде семинар өттү

2021-жылдын 17-февралында Баткен районунун М.Салихов атындагы орто мектебинин базасында мектеп, балдар бакчаларынын директорлору жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларынын катышуусу менен “Мектептерде жана балдар бакчаларында жамааттык макулдашууларды түзүү” деген темада семинар болуп өттү. Семинар билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети тарабынан уюштурулуп өткөрүлдү.

Семинардын жүрүшүндө билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин эмгекти жана укукту коргоо боюнча адиси А.Масалиев семинардын катышуучуларына жаматтык макулдашууларды түзүүдө негиз болуучу мыйзамдык актылар жана макулдашуунун мазмуну жөнүндө кеңири түшүнүк берди.  Ошондой эле Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гапаров, мектептин директору Ч.Алиева жана мектептин профкому Ж.Жороевалар 2021-2023-жылдарга түзүлгөн үч тараптуу макулдашууларга салтанаттуу түрдө кол коюуп, кабыл алышты.

Үч  тараптуу макулдашууларды түзүү жана кабыл алуу боюнча ойлор, сунуштар, пикирлер айтылып, кеңири талкуу жүргүзүлдү.

 

Билим  берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети