Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

БАТКЕНДЕ БАЛДАРДЫН ЖАЙКЫ ЭС АЛУУСУ КЫЗУУ ЖҮРҮП ЖАТАТ

2019-жылдын иш планына  ылайык билим берүү кызматкерлеринин балдарынын жайкы эс алуусун уюштурулуп, ага  Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан  бөлүнгөн акча каражаты Баткен облустук комитети тарабынан “Алтын-Бешик” балдардын ден соолугун чыңдоо борборуна келишимдин негизинде которулуп, Баткен облустук комитетине 8, Баткен районунундагы билим берүү кызматкерлеринин балдарына  60, Баткен шаардык билим берүү кызматкерлеринин балдарынына 15,  жалпы 83 балага эс алуу үчүн  лагерге жолдомо берилди.

Лагерге жолдомо алган балдар 2019-жылдын 4-июль күнү Алмалык капчыгайында жайгашкан “Алтын-Бешик”  балдардын ден соолугун чыңдоо борборуна жөнөтүлдү. Балдардын коопсуздугун сактоо иретинде ички иштер бөлүмдөрүнөн кызматкерлер коштоп барышты.

Лагердин  ачылыш  аземине  Билим  жана  илим  кызматкерлеринин  Баткен облустук комитетинин   төрагасы   З.Бөтөков, облустук профсоюздар кеңешинин төрагасы А.Казаков, Баткен раймамадминстрациянын башчысы – акимдин орун басары К.Кыдыровалар катышып, лагердин тарбиячылары менен пикир алышып,   эс алууга келген балдардын жашоо-шарты менен таанышып, балдар тарабынан даярдалган концерттик программага күбө болуп кайтышты.

Эс алууга келген мектеп окуучуларынын жүздөрүнөн күлкү жайнап, балдардын ден-соолугун чыңдоо борборунун жана профсоюздун жетекчилигине ыраазычылыктарын билдиришти. Лагерде балдар үчүн  атайын түзүлгөн программалардын негизинде балдар жомок угушуп, кызыктуу оюндар, спорттук мелдештер, концерттик программалар жана экскурсиялар уюштурулуп, көңүлдүү эс алып жатышат.

 

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин 

Баткен райондук комитетинин  жетектөөчү адиси

Б.Абдыразакова