Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткенде балдардын жайкы эс алуусу кандай өттү?

Кесиптик бирликтин райондук комитетинин Президиумунун жана райондук билим берүү бөлүмүнүн коллегиясынын 2018-жылдын 23-майындагы биргелешкен отурумунда «Билим берүү кызматкерлеринин жана алардын балдарынын 2018-жылдагы жайкы дем алуусун уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө» деген маселе талкууланып, бул багытта быйылкы жылы аткарыла турган иштердин планы талкууланып бекитилген болчу.

Иш планга ылайык билим берүү кызматкерлеринин балдарынын жайкы эс алуусун уюштурулуп, ага Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан бөлүнгөн акча каражаты Баткен облустук комитети тарабынан “Алтын-Бешик” балдардын ден соолугун чыңдоо борборуна келишимдин негизинде которулуп, Баткен районунундагы билим берүү кызматкерлеринин балдарына 54, Баткен шаардык билим берүү кызматкерлеринин балдарынына 12, жалпы 74 балага лагерге жолдомо берилди.

Лагерге жолдомо алган балдар 2018-жылдын 29-июнь күнү Алмалык капчыгайында жайгашкан “Алтын-Бешик” балдардын ден соолугун чыңдоо борборуна жөнөтүлдү.

Эс алууга келген мектеп окуучуларынын жүздөрүнөн күлкү жайнап, балдардын ден-соолугун чыңдоо борборунун жана профсоюздун жетекчилигине ыраазычылыктарын билдиришти. Лагерде балдар үчүн атайын түзүлгөн программалардын негизинде балдар жомок угушуп, кызыктуу оюндар, спорттук мелдештер, концерттик программалар жана экскурсиялар уюштурулуп, көңүлдүү эс алып кайтышты.

Баткен районунда эмгектенип жаткан билим берүү кызматкерлери балдардын жайкы дем алуусун уюштуруу үчүн акча каражатын бөлгөндүгү үчүн Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетине, кесиптик бирликтин облустук комитетине, лагерлердин уюштуруучуларына терең ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин

Баткен райондук комитетинин жетектөөчү адиси                               Б.Абдыразакова