Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткенде “Акыркы коңгуроо” салтанаты өткөрүлдү

2023-жылдын 25-майында Баткен шаарындагы Баткен областтык мектеп-гимназиясында “Акыркы коңгуроо” салтанаты өткөрүлдү.

Бул салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алимбаев, Баткен шаарынын мэри И.Бурканов, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областттык комитетинин төрагасы З.Бөтөковдор катышышты.

Келген жетекчилер Республикага атагы чыккан мыкты педагогикалык жамаатты куттуктап билим берүү кызматкерлерине жана алдыңкы окуучуларга өздөрүнүн сыйлыктарын тапшырышты.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитети тарабынан предметтик олимпиаданын областтык турунда окуучулары байгелүү орундарды ээлеген Баткен областтык мектеп-гимназиясынын мугалимдерине ыраазычылык каттар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесирптик бирликтин Баткен областтык комитетинин уюштуруу иштери боюнча адиси Гапарали уулу Мансур