Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен шаарында Мугалимдерге коммуналдык кызмат үчүн женилдиктер берилди

    Кыргыз  Республикасынын   “Мугалимдин  статусу жөнүндө мыйзамынын”  8-беренесине жана  Баткен шаарынын Мэриясынын (мэр  М.Рахимов), Баткен шаардык  билим берүү бөлүмү (башчысы  А.Ахматбеков) жана  билим берүү кызматкерлеринин   профсоюзунун   Баткен   шаардык  комитетинин (төрайым  М.Калыкова)  ортосунда  2017-2019-жылдарга  түзүлгөн үч  тараптуу  келишимге ылайык   жергиликтүү  бюджеттин эсебинен Баткен  шаарындагы  билим берүү  мекемелеринде эмгектенген  мугалим жана тарбиячылардын  ар бирине  300  сом  өлчөмүндө   коммуналдык чыгымдар  үчүн  женилдик  берилди. Жалпысынан  113000 сом  таркатылды.

     Буга  чейин  Баткен шаарынын  мэриясы  тарабынан  10-15 мугалимге  1500 сомдон  3000 сомго чейин  коммуналоөдык чыгымдар  үчүн  акча каражаты  берилип  жаткан болсо, 2017-жылдын 12-октябрында бул  жөрөлгө  бардык  мугалимдерге  майрамдык белек   болду.

  Баткен шаарынын  мугалимдери  мындай жөрөлгөгө  сүйүнүп  ыраазылык каттарын   беришүүдө.