Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

БАТКЕН ШААРЫНДА ҮЧ ТАРАПТУУ КЕЛИШИМГЕ КОЛ КОЮЛДУ

Баткен  шаарында   Баткен шаарынын Мэриясынын (мэр  М.Рахимов), Баткен шаардык  билим берүү бөлүмү (башчысы  А.Ахматбеков) жана  билим берүү кызматкерлеринин   профсоюзунун   Баткен   шаардык  комитетинин (төрайым  М.Калыкова)  ортосунда  2017-2019-жылдарга  үч  тараптуу  келишим  түзүлүп, кол коюлду.  Келишимге  кол коюу  салтанатына  жогоруда аталган тараптар, мекеме ишканалардын жетекчилери, мектеп директорлору, баштапкы профсоюз уюмунун төрайымдары, алдынкы мугалимдер катышышты.   

Билим берүү кызматкерлеринин   профсоюзунун  Баткен  шаардык  профсоюз  комитетинде  бүгүнкү  күндө    609    мүчө  каттоодо  турат. Үч тараптуу  келишимде  “Билим берүү жөнүндө”, “Мугалимдин  статусу  жөнүндө”, “Эмгекти коргоо жөнүндө”  «Кыргыз Республикасында эмгектик мамилелер тармагында социалдык өнөктөштүк  жөнүндө» мыйзамдарына  ылайык   профсоюз мүчөлөрүнүн  социалдык-экономикалык, укуктук, ден соолуктуу  чындоо  боюнча   маселелери  камтылды.

Буга  чейин  жогоруда   аталган   тараптар  менен  2014-2016-жылдарга  тузулгөн  келишимдер  социалдык   өнөктөштөр  тарабынан   толугу   менен  аткарылды. 2017-2019-жылдарга  карата  түзүлгөн  үч тараптуу  келишимде   мугалимдерге, жалпы эле  профсоюз  мүчөлөрүнө  бир  топ  женилдиктер, колдоолор  көрсөтүлөт, Белгилеп  кетсек :

  1.   Келишимдин   Экономикалык  жана  социалдык коргоо бөлүмүндө 

Мугалимдин статусу  жөнүндө  мыйзамынын  8-беренесине  ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен   бир жылда  бир жолу  коммуналдык чыгымдар б.а. электр энергиясы  үчүн 300 сомдон  төлөнүп берилет, 1 жылга  111 000  сом. (370 мугалим, тарбиячыга)

  1.  Укуктук коргоо, эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылуу бөлүмүндө

1.Эмгек Кодексинин 133-бер.ылайык  кызматкердин ден соолугуна, жакын туугандарынын каза болгонуна же  оорулуу үй бүлө  мүчөсүн  кароо үчүн  кызматкерге  эсгек  акысыз 30 календардык күнгө  өргүү берилет.

2.Билим  берүү  мекемелерин  ар кандай мыйзамдар, нормативдик документтер, усулдук материалдар  менен камсыз кылуу  үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен   мектептердин  китепканалары үчүн подшивкаларды уюштурууга  60 000 сом (13 билим берүү мекемесине) .  

  1. Ден соолукту чындоо,  дем алууну   уюштуруу  бөлүмүндө

Мугалимдерге бир жылда бир жолу 10-15  алдынкы чыгармачылык менен иштеген мугалим,тарбиячыларды  Ысык-Көлгө  алып  барып, эс алдыруу. Бул багытка  132000 сом  бөлүнөт.

Баткен районундагы  Алтын-Бешик балдардын  ден соолугун чындоочу борборуна  билим берүү  кызматкерлеринин  10-20 балдарын жыл сайын  акысыз жолдомо менен лагерге  жиберүү. Бул багытка жерг.бюдж 40  000  сом  үч жылда -80 000 сом бөлдүрүү.