Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен шаардык билим берүү бөлүмүн борборлоштурулган эсепканасынын эсепчилеринен ыраазычылык!

 

 

Кыргыз  Республикасы                                                                                   Кыргызская Республика

                   Баткен областы                                                                                                  Баткенская область                     

             Баткен шаардык билим                                                                                Баткенский городской отдел

                        беруу болуму                                                                                                  образования      

         инд.715100, Баткен шаары                                                                    инд. 715100 г.Баткен

          Т.Садыков кочосу № б/н                                                                       ул.  Т.Садыкова   №б/н

                                                     ИИН 01410200910054 МФО 129041 г.Баткен РСК, ОКПО 26910395

 

тел. 5-15-44

 

Баткен шаары                                                         «_____» _______________ 2013- ж.

 


Урматтуу Асылбек Токтогулович !

Биз, Баткен шаардык билим берүү  бөлүмүн борборлоштурулган эсепканасынын эсепчилери Сизге чоң ыраазычылык билдиребиз.

            2013-жылдын 17-сентябрында Баткен шаарында  « Оплата труда в системе образования республики» деген темада семинар өткөрүлдү. Семинарда мугалимдердин эмгек акысын, эмгекке өргүүсүн, дем берүүчү, «Убактылуу эмгекке жарамсыздык,кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдарды төлөө  тартиптери» туура жана так аткаруу иштери кеңири айтылды.  Өткөрүлгөн семинарда эсепчилер менен мектеп директорлоруна көптөгөн маалыматтар жеткирилди. Жаныдан уюштурулган борборлоштурулган эсепканаларга эң чоң маанидеги таасирин калтырды. Кубатбек Ниязбекович, Завридин Насырович жана Мактым Мамасалиевна менен биргеликте өткөргөн семинар жемиштүү болду. Андан кийин семинарда айрым маселелер боюнча талкуу болду. Зыяндуу жайларда иштегендерге (компьютер,химиялык лабороторияларда, тазалагычтарга ж.б) 15 пайыздан кем эмес тарифтик ставка төлөмдөрүн төлөө, майрам күндөрү, түнкү мөөнөттө иштегендерге кошумча жаатындагы суроолорго жооп алышты. Эсепчилер мугалимдердин эмгек акыларын мындан ары туура жана так эсептешет деп ишендирем.
           

Борборлоштурулган эсепканасынын эсепчилерин жана билим берүү тармагында иштеген кызматкерлердин ортосундагы мамилени бекемдөө жолдорун аныктоодо Сиз жана Сиздин кесиптештериңиз менен тыгыз иштешүү биз үчүн сыймык. Ошондой эле, бизге жардам беришиңиздер мындан ары дагы уланаарына терең ыраазычылык билдиремин.

Урматтуу Асылбек Токтогулович профсоюз кызматкелерин көмөгү менен меймандостугуңуздар үчүн өзүмдүн жана кесиптештеримдин атынан дагы бир ирет ыраазычылык билдирүүгө уруксаат этиңизди суранамын.Сиздердин дайыма ден соолугуңуздар чың, өмүрүнүздөр узун, түйшүктүү  ишиниздерде албан-албан  ийгиликтерди каалаймын.

Бул күнкү  семинарга катышкандар үчүн пайдалуу жана таасирдуу болду.

 

Баткен шаардык борборлоштурулган

эсепкананын башкы эсечиси:                                               Ж.Ражабова.