Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен Пленуму токтомдорун турмушка ашырабыз!

      2017-жылдын  8-сентябрында Билим берүү  жана  илим   кызматкерлеринин Ноокен райондук  комитетинин  кезектеги  президиуму  кеңешмеси  болуп  өттү.                                                                       

      Кеңешмеде төмөнкү  маселелер  талкууланып  тийиштүү  токтомдор  кабыл  алынды.                                                                                                                  1.КРнын  билим жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Борбордук  Комитетинин Баткен  Пленумунун  токтомдорун  ишке  ашыруу  иш-чаралары жөнүндө.

2.2016-2017-окуу  жылында “Окуу-тарбия иштерин  өркүндөтүү  менен,  билим  сапатын  көтөрүүгө  жетишейлы!”  урааны  астында жамааттардын  ортосунда  уюштурулган  мелдештин  жыйынтыктары жөнүндө.

3. “Жайкы эс алуу-2017” иш -чараларынын жыйынтыктары  жөнүндө.

4.Кесиптик  майрамды  өткөрүүнүн  иш-чараларын  бекитүү жөнүндө.

5. “Билим  берүүнүн  Ардагери”  төш  белгиси  сыйлоо  жөнүндө.

6. Баштапкы  профсоюздук  уюмдарда  отчеттук  чогулуштарды  өткөрүүнүн  графигин  бекитүү жөнүндө.

            Кеңешмеге Жалал-Абад  обкомунун  укук  жана  эмгек   боюнча  инспектору  А.Айдаров катышып, райкомдун  ишмердүүлүгү  жөнүндө ой  пикирлерин билдирди.                                                                                               

          Ошондой эле  обком тарабынан аткарылып  жаткан  иштерге  жана  Баткен  Пленуму   тарабынан коюлган алдындагы  милдеттерге токтолду.   Жаңы  окуу  жылында билим  берүү  кызматкерлеринин  укуктарын  коргоо  жана социалдык  маселелеринин  чечилишинде  райкомдун  президиуму   мүчөлөрүнө     жаңы жетишкендиктерди   каалады.

Материалды  даярдаган: Юлдашева Зияда  Исламовна- райКБКнын  президиумунун  мүчөсү, “Жылдын мектеби-2017” кароосунун  жеңүүчүсү -№16 Турусбеков  атындагы  орто  мектебинин  директору, “Билим,илим  профсоюзунун  отличниги”.