Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен областында профсоюздардын кесиптик майрамына карата «2017-жылдын укуктук маданияттуулуктагы мыкты профсоюз төрагалары” кароо-сынагынын областтык туру жогорку денгээлде өттү

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитети тарабынан «2017-жыл-ыйман,  адеп жана маданият  жылына» карата  иш –чаралардын  алкагында «2017-жылдын укуктук  маданияттуулуктагы мыкты профсоюз төрагалары” деген темада   кароо-сынак жарыяланып, район, шаарлардын  ар бир  айыл  аймактарынан 5тен  баштапкы  профсоюз уюмдун  төрагаларынан командалар        түзүлгөн. Кароо-сынактын  1-турунда айыл аймактарындагы баштапкы уюмдар арасында , 2-турунда район, шаарлардагы уюмдар арасында өткөрүлүп мыкты командалар кароо- сынактын областтык туруна жолдомо алышкан.

2017-жылдын 19-октябрь күнү профсоюз кызматкерлеринин майрамына карата Баткен шаарынын В.И.Ленин атындагы орто мектебинде кароо- сынактын областтык туру болуп өттү. Ага областтын аймагындагы  район, шаарлардан 6 команда катышты.

1. Кадамжай районунан “Профсоюз нуру” командасы,

2.Лейлек районунан  “Улут жүзү” командасы

3.Баткен районунан  “Биримдик” командасы

4.Баткен шаарынан  “Ынтымак” командасы

5.Сүлүктү шаарынан   “Адилет” командасы

6. Кызыл Кыя шаарынан “ Нур-Айым” командасы

Кароо- сынактын жүрүшүндө катышуучулар  КРнын билим берүү тармагына тиешелүү мыйзамдары, ченемдик укуктук актылары боюнча суроолорго жооп беришип, профсоюзду даназалоо жана мативациялоо боюнча лозунг, музыкалык чеберчиликтерин мыкты аткаруучулук менен көрсөтүштү.

            Кароо-сынактын жыйынтыгында 1-орунду Баткен районунун “Биримдик” командасы, 2- орунду Кадамжай районунун“Профсоюз нуру” командасы, 3-орунду, Сүлүктү шаарынын “Адилет” командасы ээлешип  областтык комитеттин баалуу белектер менен сыйланышты, ал эми калган командаларга кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

            Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөков кароо- сынактын катышуучуларын жана профсоюз кызматкерлерин майрамы менен куттуктап, Билим берүү министрлигинин жана Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Бобордук комитетинин төш белгилерин жана “Ардак грамоталарын” сыйлыктарын тапшырды. Ошондой эле бул салтанатка Баткен районунун акиминин орун басары К.Кыдырова, Баткен райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары А.Зайтов, А.Акматбековдор катышып, билим берүү кызматкерлерине “Ардак грамота” жана сыйлыктарды тапшырышты.

           

Уюштуруу, укук жана эмгекти коргоо

боюнча адис                                                                        К.Акимов