Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен областында “Профсоюз мүчөлөрүнө социалдык колдоону уюштуруу боюнча мыкты профсоюз комитети” аныкталды

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин Президиумунун 2017-жылдын 1-февралындагы  №9/1 токтому менен бекитилген Республикалык тармактык “Профсоюз  мүчөлөрүнө  социалдык колдоону уюштуруу боюнча мыкты профсоюз комитети” кароо-сынагынын жобосуна ылайык иштерди аткаруу максатында, 2017-жылдын 9-ноябрында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитети тарабынан район, шаарлардагы баштапкы  профсоюз комитеттери арасындагы“Профсоюз  мүчөлөрүнө  социалдык колдоону уюштуруу боюнча мыкты профсоюз комитети” кароо-сынагынын областтык турун өткөрдү.

Кароо-сынаккка катышкан баштапкы профсоюз уюмдардын ишмердүүлүгү жөнүндө материалдардын негизинде берилген упайлардын саны боюнча  I орун Лейлек  районундагы Б.Набиев атындагы баштапкы профсоюз комитетине берилип кароо-сынактын Республикалык туруна жиберилди.

            Ал эми II орунду Кызыл Кыя шаарынын А.С.Пушкин атындагы орто мектебинин баштапкы профсоюз комитети, III орунду Баткен районунун Б.Байназаров атындагы орто мектебинин баштапкы профсоюз комитети ээлешти.

 

Уюштуруу, укук жана эмгекти

коргоо боюнча адис                                                                      К.Акимов