Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен областында мугалимдердин август кенешмесин улай Лейлек жана Кадамжай районунун мугалимдеринин ортосунда сармерден улуттук оюну өткөрүлдү

          Баткен шаарынын А.Жайнаков атындагы областтык драма театрында   2016-жылдын 24-август күнү Билим берүү кызматкерлеринин  обласаттык август кенешмеси өткөрүлдү. Кенешмеде өткөн жылдагы жыйынтыктар жана жаны окуу жылында аткарылуучу иштер жөнүндө сөз болуп кенешменин резолюциясын кабыл алышты. Кенешмеге  КРнын Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары С.Абдрахманов,Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөков, Билим берүү, усулдук борборунун жетекчиси М.Айжигитова, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким А.Мадумаров, Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Исмановдор жана район, шаарлардан келген  350 делегат катышышты.

         Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким А.Мадумаров райондогу билим берүү тармагындагы жетишкендиктер жана көйгөйлөр тууралуу кенири токтолду.

         Кенешмеден соң тарых жана маданият жылына карата мугалимдер арасында “Сармерден” улуттук  оюну өткөрүлдү. Бул оюнга Кадамжай районунун эжекелери менен Лейлек районунун агайлары катышып өз өнөрлөрүн тартуулашты. Жыйынтыгында Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин баалуу белектери тапшырылды.

Уюштуруу, укук жана эмгекти

коргоо боюнча адис                                                 К.Акимов