Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен областында “Баштапкы профсоюз комитетинин мыкты төрагасы-2015” областтык кароо сынагы өткөрүлдү

Баткен областында “Баштапкы профсоюз комитетинин мыкты төрагасы-2015” областтык кароо сынагы өткөрүлдү.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин иш планына  ылайык,  областын аймагындагы билим берүү мекемелериндеги баштапкы профсоюз комитеттеринин торагаларынын ишмердүүлүгүн мындан ары да жандандыруу, активдештируу  жана 2015-жылдын мыкты торагасын  тандоо максатында 2015-жылдын 23-октябрь күнү Баткен шаарында  “Баштапкы профсоюз комитетинин мыкты төрагасы-2015” областтык кароо-сынагын өткөрдү. Кароо-сынака Кадамжай, Баткен, Лейлек райондорунан жана Баткен шаарынан мыкты деп табылган баштапкы профсоюз комитетинин төрайымдары катышышты.

         Кароо-сынактын жыйынтыгында  калыстар тобунун берген упайынын негизинде төмөнкүдөй жыйынтык чыкты.

I орун - Баткен шаарындагы с.Айтматов а.о.м баштапкы профсоюз комитетинин төрайымы Сапаркулова Гүлнара 2015-жылдын мыкты торайымы деп табылды.

II  орун–Баткен районунун Б.Байназаров а.б.м.  баштапкы профсоюз комитетинин төрайымы Курбанбекова Рахат

III орун Кадамжай районунун “Жийделик “ толук эмес орто мектебинин баштапкы профсоюз комитетинин төрайымы У.Халилова жана Лейлек районунун №5 “Наристе” балдар бакчасынын баштапкы профсоюз комитетинин төрайымы К. Абдисаламовалар ээлешип областтык комитеттин диплому жана акчалай сыйылыктары менен сыйланышты.

Ошондой эле Баткен областтык профсоюздар Кенешинин төрагасы А.Казаков тарабынан кароо-сынактын катышуучуларына акысыз “Жалал Абад” курортуна жолдомо берилди.

Кароо-сынак Баткен областтык мамлекеттик телевидениясынан корсотулуп жана “Баткен Таны” областтык газетасы аркылуу маалымат катары чыгарылмакчы. 

 

 

Уюштуруу жана укук

иштери боюнча адис:                                                       К.Акимов