Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен областында «2017-жылдын мыкты мугалими» аныкталды

     Баткен областынын район, шаарларынан жана Баткен областтык гимназия жатак мектебинен  мыкты деп табылган  мугалимдер 2017-жылдын 25-27-апрель күндөрү Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектебинде  жылдын мыктысы наамына ат салышып, кароо-сынактын жыйынтыгында “2017-жылдын мыкты мугалими” деп Баткен районунун Ж.Турусбеков атындагы орто мектебинин тарых мугалими Кубат Сайкалов табылды. Ал эми экинчи орунду  Кадамжай районунун Охна гимназия мектебинин мугалими Эсенбаева Гүлалдам, үчүнчү орунду Баткен шаарынын  Кызыл Жол орто мектебинин мугалими Умарова Айжаркын ээлешип, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитети тарабынан баалуу белектер телевизорлор менен сыйланышты. Жалпысынан кароо-сынакка 7 мугалим катышып  калган 4 катышуучуларга баалуу белектер телевизорлор менен сыйланышты. Областтык комитеттин төрагасы З.Бөтөков жыл сайын областтык кароо-сынакка Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитети тарабынан баалуу белектер уюштурулуп келээрин жана  ар дайым билим берүү кызматкерлерин социалдык укукттук жактан колдоорун баса белгилеп кетти.

 

 

 

Уюштуруу, укук жана эмгекти

коргоо боюнча адис                                   К.Акимов