Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен областтык профсоюз комитетинин 2017-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарган президиуму болуп өттү

   Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитети  2017-жылдын  7-июлунда  Баткен шаарында  I  жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарган президиумун өткөрдү.

    Президиумда негизиги маселе катары жайкы эс алуунун уюштурулушу жана жарым жыл ичинде аткарылган иштердин жыйынтыктары каралды. Президиумга Баткен областтык профсоюздар кенешинин төрагасы А.Казаков,  райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин төрагалары, эсепчилери жана Баткен шаарынын профсоюз активистери катышышты.

    Президиумдун жыйынтыгында жайкы эс алууну жогорку денгээлде уюштуруу боюнча тиешелүү токтомдор кабыл алынды жана активдүү профсоюз мүчөлөрүнө областтык комитеттин сыйылыктары тапшырылды.

 

Уюштуруу, укук жана эмгекти

коргоо боюнча адис                                               К.Акимов