Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен шаарында “Сергек коом” ураанынын астында спартакиада өттү

Баткен  шаарында  2019-жылдын 19-апрелинде  билим  берүү   кызматкерлеринин  арасында   спартакиада өткөрүлдү.  Спартакиада   Баткен шаардык спорт комитетинин  (башчысы  Ж.Токсобаев)  жана  билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен шаардык комитетинин  (төрайым М.Калыкова)  демилгеси менен  уюштурулду.  

Спартакиада  Баткен  шаарындагы А.Имаров-Кызыл Топу   атындагы  орто мектебинин  базасында спорттун 4 түрү  волейбол, футбол, шахмат,  тогуз коргоол  боюнча өткөрүлдү. Спартакиадага  9 командада жалпысынан    196 профсоюз мүчөлөрү катышып, күч сынашты.    Жыйынтыгында  волейбол   боюнча аялдар арасында   1-орунга  С.Айтматов  атындагы орто мектеби, 2-орунга Данектай балдар бакчасы, 3-орунга  В.И.Ленин  атындагы орто мектебинин  командалары  татыктуу болушту. Ал эми мини футбол боюнча эркектер арасында  1-орунга С.Айтматов  а.о.м. командасы, 2-орунга  В.И.Ленин а.о.м. командасы, 3-орунга  Ж.Боконбаев а.о.м. командалары татыктуу болушту.

Командалык жыйынтыкта  С.Айтматов а.о.м. 1-орунду, В.И.Ленин а.о.м 2-орунду камсыз кылышып,      женүүчү командалар спорт комитети тарабынан  даярдалган   1-2-3-даражадагы диплом  жана  акчалай сыйлыктар  менен сыйланышты. Билим берүү кызматкерлеринин профсоюз уюмунун  Баткен шаардык комитетинин төрайымы  М.Калыкова  “Мыкты  чабуулчу”, “Мыкты коргоочу”, “Ардагер  спортчу”, “Жаш  спортчу”, “Мыкты оюнчу”   ар кандай  номинациялар  боюнча баалуу  белектерди ыйгарды.  

Жеӊүүчү болгон  мыкты  оюнчулар  билим берүү  кызматкерлеринин  спартакиадасынын  областтык туруна  катышууга  укук  алышты.

 

Материалды даярдаган:

Калыкова Мактым