Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен шаарында “2022-жылдын мугалими” кароо-сынагы өткөрүлдү

Кароо-сынак 2-тур менен В.И.Ленин атындагы орто мектебинде өткөрүлдү. Сынактын катышуучулары заман талабына ылайык алдынкы технологияларды колдонуу менен мыкты сабактарды көрсөтүштү.

Сынактын жыйынтыгында 1-орунду Баткен гимназия мектебинин мугалими Максытова Айнура ээледи, ал эми 2-орунду С.Айтматов атындагы орто мектебинин мугалими Усманова Санавар, 3-орунду А.Имаров-Кызыл Топу атындагы орто мектебинин мугалими Рахматилла кызы Айзирек камсыз кылышты.

Кароо-сынакта байгелүү орундарды камсыз кылган мугалимдерге тийиштүү даражадагы дипломдор жана төмөнкүдөй баалуу белектер берилди: 1-орунга жарым автомат кир жуугуч машина, 2-орунга Жалал-Абад санаторийине 10 күнгө жолдомо, 3-орунга микроволновка, ал эми калган конкурсанттарга электро мясорубка, манты казан сыяктуу белектер берилди. Баткен  шаардык профсоюз комитетинин бюджетинен 20320 сом бөлүнүнүп, 1-2-орундардын белектери камсыздалса, шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан 20 000 сом каражат жумшалды. Жалпысынан 40320 сомдук белектер конкурсанттарга  берилди.

Максытова Айнура кароо-сынактын областтык туруна катышууга жолдомо алды. Белгилеп кетүүчү нерсе жыл сайын Баткен шаарынын мугалимдери сынактын областтык турунда байгелүү орундарды камсыз кылышат.

 

Маалыматты даярдаган: Баткен шаардык КБКнын төрайымы М.Калыкова