Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен шаарында “2018-жылдын мугалими” кароо-сынагы өткөрүлдү

    Баткен  шаарында Баткен шаарынын мэриясынын  материалдык  жактан  колдоосу менен   шаардык  профсоюз уюму менен  түзүлгөн  үч тараптуу  макулдашууга  ылайык  “2018-жылдын  мугалими”  кароо-сынагы  өткөрүлдү.  Кароо-сынактын  1-туру  С.Айтматов атындагы  орто мектебинин  базасында, ал эми 2-туру  В.И.Ленин  орто мектебинде  өткөрүлдү. 

   Сынактын  катышуучулары  заман талабына  ылайык  мыкты  сабактарды  көрсөтүшүп, калыстардын  купулуна толуп, өтүлгөн  сабактар  максатына  жетти.

   Сынактын  жыйынтыгында 1 –орунду  В.И.Ленин  атындагы орто мектебинин тарых мугалими  Авлиеев Фуркат, 2-орунду  А.Имаров-Кызыл Топу орто мектебинин мугалими  Жолболдуева  Минавар, 3-орунду  Кызыл-Жол орто мектебинин  музыка  мугалими  Нарматов  Равшан  агайлар  камсыз  кылышты.

   Кароо-сынакта  байгелүү орундарды  камсыз  кылган  мугалимдерге  шаардын мэриясы  тарабынан  акчалай  сыйлыктар  берилди. 1-орунга  13000 сом, 2-орунга  11000 сом, 3-орунга  9000 сом,  ал эми  калган  конкурсанттарга  кызыктыруучу   электро казан жана манты казан  сыяктуу  белектер  Баткен  шаардык  профсоюз уюму тарабынан  берилди. Жалпысынан  кароо-сынакка 46 000 сом жумшалды.

Авлиеев Фуркат кароо-сынактын  областтык туруна  катышууга жолдомо  алды. Белгилеп  кетүүчү нерсе  жыл сайын Баткен шаарынын  мугалимдери  сынактын областтык  турунда байгелүү орундарды  камсыз  кылып келүүдө.