Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

БАТКЕН РАЙОНДУК КОМИТЕТИ АРАЛЫКТАН СЕМНАР ӨТКӨРДҮ

БАТКЕН РАЙОНДУК КОМИТЕТИ АРАЛЫКТАН СЕМНАР ӨТКӨРДҮ

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети 2020-жылдын 11-сентябры күнү жаңыдан шайланган баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларына “Жаңыдан шайланган баштапкы кесиптик бирлик уюмдарындагы уюштуруу- массалык иштери жөнүндө” деген темада аралыктан семинар өткөрдү. Райондук семинардын катышуучулары ZOOM программасынын жардамы менен байлашыка чыгып, семинардын материалдары менен таанышышты. Семинардын жүрүшүндө райондук комитеттин төрагасы А.Зайитов КРнын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун VII съездинин чечимдеринен келип чыккан милдеттерди ишке ашырууда аткаруучу иштер жөнүндө, укук коргоо боюнча адис А.Масалиев баштапкы кесиптик бирлик уюмдарындагы уюштуруу иштери, баштапкы кесиптик бирлик уюму жөнүндө жобо жана ага ылайык баштапкы уюмдардагы жүргүзүлүүчү иштер жөнүндө баяндамаларды жасашты. Семинардын катышуучулары дагы кызыккан суроолорду берип, өз ой-пикирлерин айтышты.

Семинардын катышуучуларына баштапкы кесиптик бирлик уюмдарындагы уюштуруу иштери үчүн жетекчиликке алынуучу ченемдик-укуктук актылардын пакети даярдалып аларга жеткирилип берилмекчи.

 

Баткен РКП