Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен областында “Мыкты жамааттык келишим жана мыкты үч тараптуу макулдашуу” кароо-сынагынын областтык туру өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан жарыяланган республикалык “Мыкты жамааттык келишим жана мыкты үч тараптуу макулдашуу” деген темадагы кароо-сынактын жобосунун негизинде, Баткен областынын район, шаардык профсоюз комитеттеринин жана  билим берүү мекемелеринин баштапкы профсоюз уюмдарынын арасында “Мыкты жамааттык келишим жана мыкты үч тараптуу макулдашуу” областтык кароо-сынагы өткөрүлүп жыйынтыгы чыгарылды.

Ага ылайык Райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин  арасында “Мыкты жамааттык келишим жана мыкты үч тараптуу макулдашуу” областтык кароо-сынагынын жеңүүчүсү болуп Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен шаардык комитети табылды (төрайымы М.Калыкова). Ал эми Билим берүү мекемелеринин баштапкы профсоюз комитеттеринин арасындагы  кароо-сынакта Баткен районундагы М.Салихов атындагы орто мектебинин баштапкы профсоюз комитети (төрайымы Ж.Жороева) жеңүүчү болду.

Кароо-сынактын областтык турунун жеңүүчүлөрү 2021-жылдын жыл жыйынтыгын чыгарган президиумунда областтык комитеттин дипломдору жана баалуу белектери менен сыйланышат.

 

Маалыматты даярдаган: Баткен областтык КБКнын уюштуруу иштери боюнча адиси Гапарали уулу Мансур