Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

БАТКЕН ОБЛАСТЫНДА АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК МАЙРАМЫНА КАРАТА СЫЙ КӨРСӨТҮЛДҮ

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Баткен областындагы өкүлчүлүгү жана областтагы тармактык профсоюз комитеттери менен биргеликте 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата 2019-жылдын 7-мартында Баткен шаарында областтык деңгээлде сый көрсөтүлдү.

Бул салтанаттуу аземге жалпы 150 дөй аялдар катышып, алардын ичинен билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык райондук, шаардык комитеттеринин сунушу менен билим берүү жана илим тармагында эмгектенген 55 алдынкы мугалим, тарбиячылар  катышты. Майрамдык дасторкон Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Баткен областындагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулса, баалуу белектерди тармактын профсоюздары тарабынан даярдалды.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Баткен областындагы өкүлү А.Халмурзаев, Баткен областындагы тармактык профсоюздардын төрагалары, анын ичинде Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөков куттуктоо сөз сүйлөштү, майрамга карата иштериндеги ийгиликтери үчүн мугалимдерге, тарбиячыларга  Ардак грамоталар тапшырылды.

Ошондой эле Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөков областын район, шаарларынан келген билим берүү жана илим тармагында эмгектенген 55 алдынкы мугалим, тарбиячыларга  баалуу белектерди тапшырды.

 

Уюштуруу, укук жана эмгекти

 коргоо  боюнча адис

К.Акимов