Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен областтык профсоюз комитетинин алдындагы жаштар кенешинин иштерин активдештирүү

Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин алдында уюшулган жаштар кенешинин отуруму жана областтык окутуу семинары 2018-жылдын 20-февраль күнү Баткен шаарында райондук, шаардык комитеттердин 45 баштапкы профсоюз комитеттеринин жаш төрагалары жана жаштар кенешинин мүчөлөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү. Жаштар кенешинин отурумунда  2018-жылга аткарылуучу иштердин планы кабыл алынып, жаштар кенешинин курамын толуктоо жөнүндө маселе каралды жана “профсоюз жаштары” аталышындагы атайын интернет баракча ачылып жаштар кенешинин мүчөлөрү отурумдар аралыгында маалымат алмашып турмакчы.

            Ошону менен бирге жаштар кенештеринин иштерин жана жаныдан шайланган  жаш баштапкы профсоюз уюмдарынын төрагаларынын иштерин активдештирүү максатында областтык окутуу семинары менен улантылды.

          Семинардын жүрүшүндө областтык комитеттин төрагасы З.Бөтөков сөз сүйлөп бул окутуу семинары жаныдан шайланган профсоюз төрагаларына жана семинардын катышуучуларын өтө пайдалуу экенин белгилеп өттү. Андан ары областтык комитеттин  уюштуруу, укук иштери боюнча адис К.Акимов  “Жаштар кенешинин ишмердүүлүгү” жана “Баштапкы профсоюз уюмунун ишмердүүлүгү жөнүндө”, Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Лейлек райондук комитетиниин төрагасы А.Бердиев “Профсоюз тармагындагы маалымат иштерин жүргүзүү жөнүндө”,  Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен райондук комитетиниин төрагасы Т.Жумаев “Социалдык өнөктөштүк: макулдашуу (жамааттык келишимдер) жөнүндө”,  Баткен райондук комитетиниин эмгекти коргоо боюнча адиси А.Масалиев “Жалпы билим берүү мекемелеринде эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздуктарды сактоо жөнүндө” кенири маалыматтар берилип семинардын катышуучулары менен суроо жооп, талкуу менен аяктады.

 

Уюштуруу, укук иштери

боюнча адис                                                К.Акимов